10.04.2018 18:03

КР менен ӨР чек арада олуттуу мыйзам бузууларсыз курал колдонууга катуу тыюу салууну макулдашты

КР менен ӨР чек арада олуттуу мыйзам бузууларсыз  курал колдонууга катуу тыюу салууну  макулдашты

Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын Заркент жергесинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник  У. Шаршеев жана Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын  орун басары - чек ара аскерлеринин кол башчысы генерал-майор Руслан Мирзаевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу  эки мамлекеттин премьер-министрлеринин тапшырмасы боюнча ушул жылдын 7-апрелинде болуп өткөн инцидентти тыкыр иликтөө максатында  өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Тараптар  буга чейинки Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери тарабынан жетишилген өзүнчө протоколдук чечимдер толук көлөмдө  аткарылбай жатканы жана учурдагы кыргыз-өзбек мамилеринин деңгээлин эске алуу менен чечимдерди кайрадан жеткире иштеп чыгуу талап кылынаары тууралуу бир пикирге келишти.   

Андан кийин эки республиканын  чек ара делегациясы 2018-жылдын 7-апрелинде инцидент  болуп өткөн Кыргызстандын Жалал-Абад областынын Аксы районунун Мамай жергесинде мамлекеттик администрация башчылары жана чек ара жакын жайгашкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте индицент болгон жерге барышты.  

Ошону менен бирге кыргыз тарап өзбек тараптын делегациясынын  көңүлүн  2018-жылдын  башында болуп өткөн  жана 7-апрелдеги эки инцидентте өзбек аскер кызматчылары тарабынан курал колдонулгандыгына басым жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар чек ара кезметтеринин курал колдонуусу акыркы чара болуп саналарын,  чек арада олуттуу мыйзам бузуулары болбосо  аскер кызматчыларына  курал колдонууга катуу тыюу салууну макулдашышты. 

Кыргыз Республикасынын Мамай калктуу конушунда 2018-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн инцидент боюнча ар тараптуу  иликтөө жүргүзүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү, курамына Кыргызстандын Жалал-Абад областы боюнча жана Өзбекстандын Чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлдөрү, ошондой эле чек ара жакын жайгашкан райондук администрация башчылары, укук коргоо органдары, прокуратура жана каттоо (кадастралык) кызматтары кирди.

2018-жылдын апрелинин үчүнчү декадасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын кеңейтилген отурумунда чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулоо пландаштырылууда.

Чек ара ведомстволорунун башчыларынын жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында чек ара маселелери боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин мурда жетишилген чечимдерин жана келишимдерин милдеттүү түрдө сактоону камсыздоо милдеттендирилген протоколго кол коюшту.